Жолтандабастан ортонун кезеген айдоочу. Кармалган бала башка болуп чыкты

© Фото / пресс-служба отдела розыска УПМ ГУВД БишкекаНарушение ПДД в Бишкеке
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-ноябрь күнү жол тандабастын айдоочусу каршы тилкеге чыгып алып Роза Отунбаеванын баласына ортоңку манжасын кезеген видео интернетке таркап кеткен.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкектин Кайгуул милициясы ортон манжасын көрсөткөн адамды кармаган эмес. Бул тууралуу активист Болот Ибрагимов социалдык тармакка жазып чыкты. 

28-ноябрь күнү интернетке чуулгандуу видео тараган. Андан кара түстөгү жолтандабас каршы тилкеге чыгып алып, Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго ортонун кезегенин көрүүгө болот. Бир нече сааттан кийин Бишкек шаардык Кайгуул милициясы жол эрежесин бузган адам кармалганын маалымдаган.

Ибрагимов тез аранын ичинде Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлерин иштен алуу керектигин жазды.

"Бүгүн эртең менен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу делген 1996-жылкы баланын сүрөтүн алдык. Элди малга теңегенди токтоткула! Калп айтканды коюп, качан иштеп баштайсыңар?" — деди активист.

Автомобильный затор в день черной пятницы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков унааны ишеним кагазы менен айдоого качан тыюу салынарын айтты
Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына башка айдоочуну кармап алышканын тастыкташты.

"Биз ошол жолтандабасты колго түшүрдүк. Айдоочусу өзүн башка адам катары тааныштырып койгон. Унаа айып короого токтотулду. Эми ошол видеонун "каарманын" издеп жатабыз", — деп аталган бөлүмдөн билдиришти.

Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0