Канат Бегалиев: мындан ары спорт тармагын саясатка барып өнүктүрөм

Жазылуу
Азыр улук машыктыруучунун милдетин Азат Эркинбаев убактылуу аткарып жатат.

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруу кызматынан өз каалоосу менен бир ай мурда бошотулган. Мындай маалыматты Жаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Азыр улук машыктыруучунун милдетин убактылуу Азат Эркинбаев аткарып жатат.

Бүгүн, 29-ноябрда, грек-рим күрөшүнүнү чебери Канат Бегалиев маалымат жыйын куруп, башкы машыктыруучу болуп турган учурда жасаган иштери тууралуу айтты. Ал ортодо эмне себептен кызматынан кеткендиги тууралуу түшүндүрмө берди.

"Бардыгына эле менин эмне себептен иштен кеткендигим кызык болуп жатса керек. Мен өз каалоом менен кетип жатам. Келечекте илимимди, билимимди өстүрүп, спорттун көйгөйлөрүн чечүү үчүн парламанетке барайын деген оюм бар. Көбүнө бул тууралуу айтсаң, "спортчулар Ак үйгө барганда эмнени чечет" деген суроону беришет. Алыс кетпей, мисалга казакстандык Серик Конокбаевди, Бахтияр Артаевди, россиялык Алина Кабаеваны, украиналык Виталий Кличкону алсак болот. Алар саясатта жүрүп спорттогу көйгөйлөргө көңүл бургандыгы үчүн Олимпиадада жетишкендиктер болуп жатат," — деди Бегалиев.

Ал азырынча кайсы бир саясий партияны колдой электигин кошумчалады.

Бегалиевге маалымат жыйындан соң "Спорттун мыкты кызматкери" наамы тапшырылды.

Канатбек Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада күмүш байгени багындырган. 2012-2017-жылдары грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0