06:41 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Автоунаа. Архивдик сүрөт

Сапар Исаков унааны ишеним кагазы менен айдоого качан тыюу салынарын айтты

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
651021

Айдоочулардын көпчүлүгү унааларын өздөрүнө каттатпастан ишеним кагазы менен айдап жүрүшөт. Мындай нерсе жол эрежесин бузган айдоочуну табууга жолтоо болууда.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында айдоочулар кайсы убактан тарта унааларын өздөрүнө каттатта баштай турганын билдирди.

Анын айтымында, айдоочулардын көпчүлүгү унааларын өздөрүнө каттатпастан ишеним кагаз аркылуу айдап жүрүшөт. Мындан улам жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салынганы боюнча билдирме өз дарегине жетпей калып жатат.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой биз "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырганы жатабыз. Ага ылайык, ишеним кагаздын кереги жок болуп калат. Себеби ар бир авто өзүнүн ээсине катталса, айып салынганы жөнүндөгү билдирме тийиштүү дарекке жетет. "Акылдуу шаар" долбоорун иш жүзүнө ашыра баштаганда унааларды каттоого жарым ай убакыт беребиз", — деди премьер-министр.

Ал ошондой эле эгер бул аракеттер ишке ашпаса жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларды табуу өтө кыйын болуп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Исаков Кайгуул милициясы эмнеге жоюлганын айтып берди
Белгилер:
унаа, долбоорлор, Сапар Исаков

ЭҢ МААНИЛҮҮ