БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө 2…7, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 6…11, Ысык-Көлдө 1…6 градус жылуу болсо, Нарында күн 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыйт.
Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 7…11 градус жылуу болору айтылды.