БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын Мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон.
56 жаштагы Бекбоев буга чейин Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигин жетектеп келген.