БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Белгисиз адам Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин кызын бутка бычак менен сайып, колундагы сумкасын жулуп кеткенин Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Кенжебек Бокоев
Депутат Кенжебек Бокоев
Жаш кызга кол салуу болгону тууралуу маалымат милицияга 24-ноябрда саат 20.30дар чамасында түшкөн.
Окуя 12-кичи райондо болгон. Кыз үйүнө кирип бара жаткан жеринен белгисиз бирөө ага кол салган.
"Кыздын сумкасын жулуп алган адам окуя болгон жерден качып кетти. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Милиция кылмышкерди издеп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.