БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого башка жол менен барганда келечеги жакшы болмок. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Он-Адырдагы айткандарын уктум. Бабановду чынында мен аяп эле жатам, жакшы жигит болчу. Акчага сатылбай жакшы кетсе туура болмок. Бул боюнча чечимди сот чыгарсын. Шайтандык кылбай, коңшу мамлекеттин президентине барып чөгөлөбөй, түптүз кете берсе утмак. Аяп жатам, жапжаш бала. Бирок Максим, Айдарлар менен жүрүп алардын бактериялары жугуп калыптыр", — деди Атамбаев.