БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы Амир-Темур кичи шаарчасында жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык милиция билдирди.
Маалыматка караганда, 14-ноябрь күнү, саат 22:00дөр чамасында белгисиз аял жаңы төрөлгөн ымыркайды оролгон бойдон таштап кеткен.
"Жерине барган милиция кызматкерлери ымыркайды Ош шаардык төрөт үйүнө жеткиришти. Салмагы 3 килограмм 270 грамм болуп төрөлгөн кыздын абалы туруктуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми кыздын энесин аныктоо боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө.