БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө 12…17, Таласта 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 14…19, Ысык-Көл менен Нарында 11…14 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, 15…17 градуска чейин жылыйт.