Бул жолу жумуш издеп жүргөн бишкектик адамдын жинин эмне келтирээрин билип көрдүк. Көрсө, аларды да өзүнөн чыгарып, кыжырын кайнаткан учурлар көп экен.
Агенттиктер. Жумуш издеп жүрүп резюмени атайын бир компанияга жөнөтсөң, сага кайдагы бир агенттиктер чалганда жан кашаят. Аларга менин анкетам кандайча барып калганын да түшүнбөй калам. Алар албетте жумуш таап беребиз деп менден акча сурашат.
Шаштыргандар. Кээ бир компаниялар жумуш издеп жатсаң, чалса эле бара калчудай "20 мүнөттө келе калчы" деп жанды кашайтышат. Алар иш издеп жаткан кишини чалса эле жетип бара калчудай үйдө жыргап отурат деп ойлойот окшойт.
Күтө албагандар. Маектешүүгө барып, өтүп кеттим. Бул учурда алар менден жоопту ошол жерден берүүмдү суранганда кыжырым келди. Анткени мен да ойлонуп, шарттары менен таанышып, үйдөгүлөр менен кеңешип анан жообун айтышым керек да.
Түштөн кийин ойгонгондор. Бир жолу маектешүүгө барсам "дагы бир талапкер бар, көрөлү" дешип, жакынкы аралыкта чалышарын айтышты. Бир ай өтөт, ал кезде сен башка жумушка кирип иштей баштаган болосуң. Анан эле телефон шыңгырап, унутуп калган компания "сиз жумушка алындыңыз" дегенде күйбөгөн жериң күл болот да.
Ашыкча кызыккандар. Кыздар жумуш издеп жатканда жакын аралыкта декретке чыгып кетпейби деп алардан турмушка чыккандыгы, бала-чакасы, үй-бүлөлүк пландары тууралуу сурашат. Эми буларды да түшүнсө болот. Бирок, кээде жеке жашооңо байланыштуу өтө эле ашыкча суроолорду бергендерге жин келбей койбойт. Жумушка менин жеке жашоомдун канчалык тиешеси бар?
Жоопкерчиликсиз адамдар. Бир компания жекшемби күнү бир сааттан кийин келе калуумду айтып, маектешүүгө чакырды. Мен ал учурда шаарда болбогондуктан "дүйшөмбү күнү барайын" дедим. Анын үстүнө дем алыш күнү маектешүүгө ким чакырмак эле? Ошентип, дүйшөмбү күндүн биринчи жарымына сүйлөшүп, кайда, канчада бараарымды алар айтып коюшмак. Бир күн кечке күттүм, жооп болгон жок.
Өзүнө ишене бергендер. Негизи мен резюмени бир нече компанияга жиберем. Эреже боюнча алгач компаниянын өзүн эмес, "бул кызмат мага туура келеби" деп шарттарын карайм. Ошондуктан мени кээде "Сиз эмне үчүн биздин компаниянын тандадыңыз?" деген суроо таң калтырат. Ал бизден толгон-токой мактоо күтүп жатат да.