БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбор калаада маршрутка эки жеңил автоунаа менен кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Анын айтымында, окуя бүгүн, 3-ноябрда, болжол менен саат 15:10дор чамасында Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде катталган.
"Honda Fit, Honda Accord жана микроавтобус кагышты. Соккудан улам Fit жолдун четине чыгып кетти", — деди күбө.
Анын кесепетинен 21 жаштагы жигиттин мээси чайкалып, ал ооруканага жеткирилген.
Кайгуул милиция башкармалыгы кырсык болгон жерге милиционерлер жиберилгенин маалымдады.