Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, 4-ноябрда Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми жекшембиде жаан-чачын болбойт.

Талас, Чүйдө 7…12 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18 градус жылуу болот. Ысык-Көл менен Нарында күндүн табы 8…14 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0