Ыманкулова Гүлбүбү Ороскуловна 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. Ороскул кызы фольклор жана эстрада ырчысы, ошондой эле кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн "Достор" тобунун солисти болгон. Репертуарындагы "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага", "Ортомчу бизге Ысык-Көл" жана башка ырлары менен элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Эске сала кетсек, жумурай журтка таанымал ырчы, "Сармердендин" шайыр жеңеси 6-октябрь күнү оорудан улам көз жумган.

1/11
© Фото / из архива Айзууры Иманалиевой
Мектепте 6-класста окуп жүргөн убак. Авлетим айылындагы орто мектепте 8-класска чейин окуган

2/11
© Фото / из архива Айзууры Иманалиевой
Окуу жайды жаңыдан аттанган кез. 1991-1995-жылдары Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеде билим алган

3/11
© Фото / из архива Айзууры Иманалиевой
Филармонияда оркестр менен ырдап жаткан учур. Жаз мезгили, ырчы 4-курста окуп жаткан убагы

4/11
© Фото / из архива Айзууры Иманалиевой
1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган

5/11
© Фото / из архива Айзууры Иманалиевой
2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө Гүлбү Ороскул кызы деген ысым менен таанылып келген

6/11
© Фото / из архива Айзууры Иманалиевой
Ырчы үч бир туугандын улуусу, өзүнөн кийин эки иниси бар

7/11
© Фото / Айзуура Иманалиева
Гүлбү Ороскул кызы белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурунку жубайы, экөөнүн ортосунда эки кыз бар. Гүлбүбү айымдын оң жагында Сезим, сол жагында Айзуура

8/11
© Фото / СинемАрт
2015-жылдан бери КТРКнын "Кыз-жигит сармерден" теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген. Сүрөттө программадагы кесиптеши Талант Карагулов менен

9/11
© Фото / СинемАрт
Акыркы маектеринде "катары менен төрөп албаганыма өкүнөм" деп айткан

10/11
© Фото / СинемАрт
Замандаштары Гүлбүнүн айдай сулуу жүзүн эми аңыз кылып бүтө алышпайт...

11/11
© Фото / Айзуура Иманалиева
Маектеринин биринде "сахнада канча жылдан бери ырдап жүрсөм да чыгаар алдында абдан толкунданам. Эгер ырчыда толкунданбаса, ал элди тоготпойт деп ойлойм" деп айтканы бар.

