БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ош шаарында 51 жаштагы кишинин сөөгү табылганын Ош ШИИБден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 1-ноябрь күнү саат 2.30дар чамасында 40-45тер чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде каза болгон адам Чүй облусунда туулган 51 жаштагы жаран экени жана анын туруктуу жашаган жери жок болгону аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми кылмышка шектелип Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Ал бул кылмышка мас абалында барганын билдирген.