БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ноябрь айынын башында (1-2) Кыргызстанда күн жылышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анткен менен 28-октябрда жамгыр жаап, тоолорго кар түшүшү мүмкүн.
Буга чейин министрлик 25-26-октябрда тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн экенин маалымдаган. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Билдирмеге караганда, ноябрдын үчүнчү декадасында үшүк жүрүү ыктымалдыгы күч.