Биз Кыргыз ССРинини жогорку окуу жайларында 70-90-жылдары билим алган студенттердин сүрөттөрүн таап чыктык. Ар кыл окуу жайдын студенттерин сүрөтчүлөр лекцияда, сессияда отурганда, эксперимент жасап жатканда, керек болсо кээсин сүрөт тартып жатканда чырк эттирип алган.
Мындан тышкары, сүрөттө лабораторияларды, барокамера, электрондук-эсептөөчү машиналарды көрүүгө болот.

1972-жылы Мамлекеттик медициналык институттагы лекция. Сүрөттө бир дагы бош орун жок экенин көрүүгө болот. Болочоктогу дарыгерлер ийин тийиштире отурат.

Кыргыз мамелкеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) студенттери, 1973-жыл. Жайкы сессиянын алды.

Ош мамлекеттик педагогикалык институттун студенттери Ибарат Жунусова, Жээнбай Эргешов жана Халима Келдирбекова. 1974-жылдын жазы. Жаштар кандайдыр бир жагымдуу нерсе тууралуу сөз кылып жатышат

1975-жыллдын июнь айы. Фрунзе шаарындагы сүрөт училищесинин студенти тоодо пейзаж тартууда. Мыкты сүрөт болсо керек.

Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун студенттери. 1978-жыл. Жаныбарга тажрыйба жасалып жаткан барокамера.

Фрунзе шаарындагы медициналык институттун студенттери электрондук эсептөөчү машиналарда иштеп жатышат. 1978-жыл.

Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун студенти лабораторияда тажрыйба жүргүзүп жатат. Ага окутуучу көз салып турат. 1978-жыл.

Кыргыз мамелкеттик медицина институтунун студенттери, 1978-жыл. Дары-дармек жасоону үйрөнүп жатышат

Айыл чарба институтунун (азыркы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети) студенттери сабакта отурушат. Келечектеги агрономдор кызылчанын түзүлүшүн окуп жатышат. Фрунзе шаары, 1986-жыл.

Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун студенттери. Болочоктогу инженер-куруучулар практикалык сабакта. 1990-жыл