Жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо алдын ала маалымат боюнча Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат. Экинчи орунду Өмүрбек Бабанов ээледи. Алдын ала жыйынтыкка нааразы болгон Талас эли митингге чыга турганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарап кеткен.
Ал эми өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү аймакта абал тынч экенин билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Талас обулусу Өмүрбек Бабановдун кичи мекени. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Бабанов Таластагы шайлоочулардын 85 пайыз добушун алган. Ал эми өлкө боюнча 33,74 пайыз добушка ээ болгон. Алдыга чыккан Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын дээрлик 55 пайыз добушуна ээ болду.