Темир Жумакадыров менен коштошуу Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында өттү. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган аткаминерлер келди. Өлкө башчы өз сөзүндө маркум Жумакадыров келечекте өлкөнү жетектей турган кишилердин бири болгонун баса белгилеп, көзүнө жаш алды.
Темир Жумакадыровдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Белгилей кетсек, Жумакадыров 7-октябрь күнү таң эрте Таласка бараткан маалда Бишкек — Кара-Балта жолунун 36-чакырымында кырсыкка кабылган. КамАЗ менен сүзүшкөн жол тандабастагы 38 жаштагы вице-премьер, анын 30 жаштагы жардамчысы жана 33 жаштагы айдоочусу мерт болгон.

Темир Жумакадыров менен коштошуу Бишкекте өттү

Вице-премьер 7-октябрда жол кырсыгынан мерт кеткен. Каргашалуу окуя ал Таласка шайлоо штабынын жыйынын өткөрүүгө баратканда болгон. Аны менен кошо жардамчысы жана айдоочусу мерт кетти

Жумакадыровдун тажиясына Алмазбек Атамбаев баштаган аткаминерлер келди

Аны менен коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү

Жумакадыров мамлекеттик кызматтын III даражадагы кеңешчиси болчу

Ал 38 курагында көз жумду

Маркумдун артында төрт кызы жетим, аялы жесир калды

Коштошуу митингинде Сапар Исаков Жумакадыровдун өмүр таржымалын айтып, сөздү Алмазбек Атамбаевге берди

Атамбаев Жумакадыров менен такай кеңешип турганын жана аны келечекте өкмөт башчысы катары көргөнүн айтты

Улуттук гвардиянын жоокерлери маркумдун сөөгүн алып баратышат

Жумакадыровду акыркы сапарга узатууга миңдеген киши келди

Маркумдун кан жутуп кайгырган жакындары...

Сөөктү коштогон кайгуул милициясы

Темир Жумакадыровдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Бул бейитке кыргыздын көрүнүктүү атуулдары жашырылган

Сөөк жерге берилгенден кийин муфтий Максат ажы Токтомушев куран окуду
