БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Юрий Краковецкий Ташкентте күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Дзюдо федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Grand Prix Tashkent 2017 аталышындагы эл аралык мелдеш 6-8-октябрь күндөрү Өзбекстандын борборунда өттү. Анда Краковецкий эки өзбекстандык спортчуну багындырып финалга чыккан. Андан соң алтын медаль үчүн израилдик дзюдочу менен беттешип күмүш тагынды.
Аталган спорттук иш-чарага 23 өлкөнүн балбандары катышып, Кыргызстандын атынан төрт спортчу ат салышкан.