00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сапар Исаков Азиададан келген спортчуларды кыса кучактап, өөп тосуп алды

Жазылуу
Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күч сынашкан спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды "Манас" эл аралык аба майданынан өкмөт башчы Сапар Исаков, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алды.

Аталган мелдештен Кыргызстандын курма командасы 70 медаль багындырып, жалпы командалык эсепте 8-орунду ээлешти. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло.

Аэропорттун ичинде спортчуларга арнап сый тамак уюштурулган. Жолугушууда Исаков спортчуларды жеңиши менен куттуктап ийгиликтерди каалады.

"Силер Кыргызстандын сыймыгысыңар! Ушундай жеңиштер дагы да көп боло беришине тилектешмин!" — деди премьер-министр.

Города мира. Ашхабад - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндары: күйгүзгөн күмүш медаль
Ал эми Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов 2017-жылдын 1-январынан тарта машыктыруучулар менен мугалимдердин айлыгын 50 пайызга жогорулатуу жана спортчулардын эң төмөнкү стипендиясын 5000, жогоркусун 75 миң сомго чейин жеткирүү каралып жатканын билдирди.

Улуттук курама команданын капитаны Калы Сулайманов грек-рим күрөшүнөн алтын медаль багындырган.

"Кыргыздын гимнин ойнотуп, желегин көтөрүүгө болгон күчүбүздү жумшадык. Команданын капитаны болуп дайындалганым үчүн чоң жоопкерчилик мойнумда болду. Жөнөп жатканда алтын медаль утам деп убада берип кеткем. Кудайга шүгүр сөзүмө тура алдым. Атаандаштарым аябай күчтүү болду", — деди Сулайманов.

Эки медаль багындырган балбан кыз

Мээрим Момунова 60 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча бел боо алыш күрөшүнөн алтын, бел боо күрөшүнөн күмүш байгеге ээ болгон.

"Биринчи күнү түркмөн кызы менен беттешип калыстардын адилетсиздигинен улам жеңилип калдым. Анткени мен көтөрүп чапкан ыкманы каршылашыма ыйгарып коюшту. Экинчи күнгө катуу даярданып атаандашымды эле эмес, калыстардын да адилетсиздигин жеңем деп бардым. Жыйынтыгында ийгиликке жетиштим", — деди спортчу.

Момунова чоң спортто 10 жылдан бери жүрөт. Мындан ары ал Азия жана Көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрө турганын билдирди. Атасы Калыбек Момунов кызынын жеңишинен шек санабаганын айтат.

Международный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула - Sputnik Кыргызстан
Азия оюндары: кыргыз балбандары дагы 8 медаль алды
"Кызым жеңишке жетээрине 100 пайыз ишенгем. Ал дүйнөлүк мелдештерге чыгып жүрөт. Азиададан алтын утаарынан шек санаган эмесмин", — деди атасы.

Анын айтымында, апасы Салима Жолдошева көп жыл бою кызынын спортко аралашуусуна каршы болуп жүргөн. Бирок ага да баш ийбей өз максатына жетти деп кубанып турган чагы.

Улуттук алыш күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Кабыл Бөрүбаев спорттун бул түрүнөн кыргыз балбандары 4 алтын, 8 күмүш, 11 коло медаль багындырганын билдирди.

"Атаандаштар абдан мыкты даярданыптыр. Башкы атаандаштарыбыз түркмөндөр болду. Ошондой эле алар калыстар менен сүйлөшүп алгандай сезимдерди калтырды. Мындан сырткары иран, тажик, өзбек спортчулары күчтүүлүгүн көрсөтө алды", — деди Бөрүбаев.

Жабык имараттагы V Азия оюндары 17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өттү. Кыргызстандын улуттук курама командасынын атынан спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу күч сынашты. Алар: жеңил атлетика, бильярд, самбо, белбоо алыш күрөшү, жиу-житсу, шахмат, кыз-келиндер арасындагы күрөш, грек-рим жана эркин күрөш, бий спорту, кикбоксинг, сууда сүзүү, ат оюндары, казак күрөшү, таэквондо WTF, баскетбол жана футзал.

Жаңылыктар түрмөгү
0