БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ташкентте жаш келин үч айлык баласын 1000 долларга баалап сатууга аракет кылып жатканда кармалганын облустук прокуратурага таянуу менен Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Келиндин 27 жашта экени белгилүү болду. Анын ымыркайын сатууга ниеттенип жатканы тууралуу маалымат буга кайдыгер карабаган адамдардан келип түшкөн.
Учурда ымыркайын соодалоого аракет кылган аялга өлкөнүн "Адам сатуу" беренесинин негизинде айып тагылып, камакка алынды. Келин 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөө башталып, кылмыштын себептери аныкталып жатат.