ЖАЛАЛ-АБАД, 26-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда жыл башынан берки сегиз айда 11 эне төрөттөн каза болду. Бул тууралуу облустук статистикалык башкармалыгынын жетекчиси Жандаралы Садыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, былтыр бул маалда төрөттөн тогуз келин набыт болгон.
Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев оор абалдагы же райондук ооруканада көз жаргандан корккон энелердин көпчүлүгү облустук төрөт үйүнө кайрыла тургандыгын белгиледи.
"Ал эми 2016-жылы облус аймагы боюнча жалпы бир жашка чейинки 315 наристе чарчап калса, бул жылы 261 баланын өлүмү катталды", — деди Садыралиев.
Адис аймакта өткөн жылга салыштырмалуу балдардын өлүмү азайгандыгын кошумчалады.