БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында "Саякбай" тасмасынын бет ачары болорун "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фондусунун менеджери Азамат Нусупов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Тасма саат 18.00дө "Семетей" кинотеатрында тартууланмакчы.
Буга чейин тасма бир нече ирет тар чөйрөдө көрсөтүлгөнү менен Бишкек шаарында жалпы коомчулукка 7-сентябрдан тарта тартуулана баштады.
Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат. Залкар манасчынын жаш кезин кичинекей Үмөт манасчы аткарса, улуу курагын актер Марат Жантелиев ойногон.