БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө 27…32, Таласта 26…31, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 29…34, Ысык-Көлдө 21…26 жана Нарын облусунда 22…27 градус жылуу болот.
Бишкек шаары менен Ош калаасында күн ачык болуп абанын температурасы 32 градуска чейин көтөрүлөт.