Россияда бус оодарылып, ичиндеги 6 кыргызстандык жаран жабыркады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала божомол боюнча айдоочунун уктап кеткени айтылууда

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Оренбург шаарынын жанынан Кыргызстандын тогуз жараны жол кырсыгына кабылып, анын алтоо ооруканага жеткирилгенин, калган үйөө мейманканага жайгаштырылганын РИА Новости ӨКМдин аймактык башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлады. 

Ford Transit үлгүсүндөгү микроавтобус Самара — Оренбург жолунда кырсыкка учураган.

"Кыргызстандык жарандар Москвага бара жатышкан, бустун ичинде тогуз адам бар экен. Бизге жеткен маалымат боюнча алтоо жаракат алып ооруканага жеткирилсе, калган үчөө мейманканага жайгаштырылды", — деп айтып берген агенттиктин маектеши.

Божомолдоолор боюнча айдоочу жолдон уктап кетип, унаа каршы тилкеге чыккандан кийин оодарылып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0