Кыргызстандык спортчулар тогуз коргоол боюнча дүйнө биринчилигинде күч сынашат

© Фото / пресс-служба ГАФКиСТогуз коргоол оюну. Архив
Тогуз коргоол оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк чемпионатта өлкө намысын тогуз спортчу коргойт

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар тогуз коргоол боюнча дүйнө биринчилигинде ат салышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк чемпионаты 2-сентябрдан 9-сентябрга чейин Астана шаарында өтөт. Анда өлкө намысын алты кыз, үч эркек спортчу коргойт.

Алардын аталган спорттук иш-чарага катышуусу үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция 647 миң сом бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0