Конор ким да, Флойд ким? Жаалданган мушкерлер тууралуу кызыктуу фактылар

© REUTERS / Steve MarcusБоксерский поединок между Флойдом Мэйуэзером и Конором Макгрегором
Боксерский поединок между Флойдом Мэйуэзером и Конором Макгрегором - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең, 27-августта бокс боюнча дүйнөнүн 12 жолку чемпиону Флойд Мейвезер менен UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор Лас-Вегастагы "Ти-Мобайл Аренасында" кыл чайнашат.

Спорт сүйүүчүлөргө Конор ачуу тили, ал эми Флойд арстандай сүрдүүлүгү менен маалым. Журналист Гүлдана Талантбекова аты дүңгүрөп турган мушкерлердин андан да кызыктуу 7 фактысын сунуштайт.

Беттешке тоскоол болбогон 11 жаш

© AFP / JOHN GURZINSKI2001-жылы 20-январда мушкер Флойд Мэйвезер Лас-Вегастагы MGM Grand Hotel Casino турниринде салмакка түшүү учурунда
Боксер Флойд Мэйвезер - Sputnik Кыргызстан
2001-жылы 20-январда мушкер Флойд Мэйвезер Лас-Вегастагы MGM Grand Hotel Casino турниринде салмакка түшүү учурунда
Флойд Мэйвезер 1977-жылы 24-февралда АКШнын Гранд Рапидс шаарында мушкердин үйүндө туулган. Анын атасы Флойд Мэйвезер (улуусу) жана эки агасы профессионал мушкерлер болгон. Андыктан, Флойддун тагдыры тай кезинде эле чечилген. 
© AP Photo / Gregory Payan2012-жылы 17-августта Конор Макгрегор Бостондо өткөн UFC турниринин алкагында атаандашы Макс Холлоуэйди утуп алган
Боец UFC Конор МакГрегор - Sputnik Кыргызстан
2012-жылы 17-августта Конор Макгрегор Бостондо өткөн UFC турниринин алкагында атаандашы Макс Холлоуэйди утуп алган

Конор Макгрегор 1988-жылы 14-июлда Ирландиянын Дублин шаарында карапайым үй-бүлөдө жарыкка келген. Эжеси жана агасы бар.

Балалыгын бири ач турмушта, бири шок турмушта өткөргөн

Это что, Макгрегор?! Казахский пранкер разыграл жителей Лос-Анджелеса - Sputnik Кыргызстан
Макрегорго окшош казакстандык пранкерди көргөн АКШлыктар сүрөткө түшүп жыргашты
Флойд профессионалдуу мушкерлердин үй-бүлөсүнөн чыкса да, жакырчылыкта жашаган. Өзүнүн эскерүүсүндө "сегиз жашымда болсо керек, апам менен бир бөлмөдө сегиз бала кысылып жатчубуз, жарыгыбыз да өчө берчү, мен үйгө жардам берип иштейин дегенде, чоң апам "сен андан көрө бокска бар" деген" — дейт мушкер. Флойд азыркыга чейин чоң апасына рахмат айтат.

Конор бала кезинде футбол ойногонду жакшы көрчү. Мектепте жүргөндө далай баланы уруп коюп, ата-энеси мектеп директорунун кабинетинен чыкчу эмес. Спортчу апасына ынак болуп чоңойгон. Конор чоң спорттон кетем дегенде да эне уулунун оюн өзгөртө алган.

Спорттук карьералары

Флойд 16 жашында үй-бүлөлүк шартына байланыштуу мектепти таштап, өзүн толугу менен бокска арнаган. 19 жашында профессионалдык рингге келген. Ал 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону аталып, өткөргөн 49 беттешинин баарында жеңишке жетишкен.

Конор 15 жашынан тарта күрөш менен машыккан. 18 жашында эрежесиз уруш боюнча алгачкы ирет сегиз бурчтукка чыккан. UFC уюмуна келип, эки салмак категорияда чемпион болгон жалгыз мушкер. Жалпы ММАда 24 беттеш өткөргөн. Үч гана жолу жеңилүү ызасын тарткан. 

© REUTERS / Steve MarcusБокс боюнча дүйнөнүн 12 жолку чемпиону Флойд Мейвезер менен UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор Лас-Вегастагы "Ти-Мобайл Аренасында" салмакка түшкөндөн кийин бири-бирине айбат көрсөтүп жатат
Боксерский поединок между Флойдом Мэйуэзером и Конором Макгрегором - Sputnik Кыргызстан
Бокс боюнча дүйнөнүн 12 жолку чемпиону Флойд Мейвезер менен UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор Лас-Вегастагы "Ти-Мобайл Аренасында" салмакка түшкөндөн кийин бири-бирине айбат көрсөтүп жатат

Каймана аттары

Флойд беттештерде оор жаракат албагандыктан ага "Келишимдүү жигит" (Pretty Boy) каймана атын ыйгарышан. Бай болгондуктан "Акчалуу" (The Money) деген да ысымы бар.

Конор ачуу тили менен эл оозуна алынып "Notorious" ("терс жагы менен атагы чыккан" деген мааниде) каймана атына ээ болгон.

Никеге тургусу келбеген Флойд, сүйүүгө туруктуу Конор

Флойд расмий түрдө бир да жолу никеге турган эмес. Себеби жаш кезинде дос кызына сексуалдык зомбулук көрсөткөндүгү үчүн үч айга камакка алынып, абак жашоосу көкөйүнө көк таштай тийген. Кийин да сүйлөшкөн кыздарын уруп койчу. Мурда жүргөн эки айымдан экиден баласы бар. Учурда Дорали Медина аттуу сүйүктүүсү менен жашайт.

Конор сүйүктүүсү Ди Девлин менен тогуз жылдан бери чогуу. Алар Ирландиядагы клубдардын биринде таанышып, Конор Девлиндин жөнөкөйлөгүн жактырган. Сүйүктүүсү менен спорттун туу чокусуна жетип, миллиондорду чапчый электе кездешкен. Конор "ал кездери иштебей, машыгуу менен алек болгондуктан 188 евролук жөлөк пулга батирде турууга аргасыз элек, сүйүктүүм мен жакшы тамактаныш үчүн бардык күчүн жумшачу. Биз бир убакта чемпион болоорубузга ишенчүбүз" — деп айтканы бар. Эки түгөй ушул жылы май айында уулдуу болушкан.

© REUTERS / Noah K. MurrayБеттешке чукул Мейвезер Макгрегорго сес көрсөтүү максатында акча ыргыткан
Беттешке чукул Мейвезер Макгрегорго сес көрсөтүү максатында акча ыргыткан - Sputnik Кыргызстан
1/5
Беттешке чукул Мейвезер Макгрегорго сес көрсөтүү максатында акча ыргыткан
© REUTERS / Noah K. MurrayФлойд беттештерде оор жаракат албагандыктан ага "Келишимдүү жигит" (Pretty Boy) каймана атын ыйгарышан
Флойд беттештерде оор жаракат албагандыктан ага Келишимдүү жигит (Pretty Boy) каймана атын ыйгарышан - Sputnik Кыргызстан
2/5
Флойд беттештерде оор жаракат албагандыктан ага "Келишимдүү жигит" (Pretty Boy) каймана атын ыйгарышан
© REUTERS / Tom SzczerbowskiТоронтодо аты дүйнөгө дүңгүрөп турган мушкерлерге арналып өткөрүлгөн маалымат жыйындан бир көз ирмем
Торонтодо аты дүйнөгө дүңгүрөп турган мушкерлерге арналып өткөрүлгөн маалымат жыйындан бир көз ирмем - Sputnik Кыргызстан
3/5
Торонтодо аты дүйнөгө дүңгүрөп турган мушкерлерге арналып өткөрүлгөн маалымат жыйындан бир көз ирмем
© REUTERS / LUCY NICHOLSONКонор ачуу тили менен эл оозуна алынып "Notorious" ("терс жагы менен атагы чыккан" деген мааниде) каймана атка ээ болгон
Конор ачуу тили менен эл оозуна алынып Notorious (терс жагы менен атагы чыккан деген мааниде) каймана атка ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
4/5
Конор ачуу тили менен эл оозуна алынып "Notorious" ("терс жагы менен атагы чыккан" деген мааниде) каймана атка ээ болгон
© AFP / John Gurzinski Кыл чайнашкан беттеште уткан мушкерге тагыла турчу кур
Кыл чайнашкан беттеште уткан мушкерге тагыла турчу кур - Sputnik Кыргызстан
5/5
Кыл чайнашкан беттеште уткан мушкерге тагыла турчу кур
1/5
Беттешке чукул Мейвезер Макгрегорго сес көрсөтүү максатында акча ыргыткан
2/5
Флойд беттештерде оор жаракат албагандыктан ага "Келишимдүү жигит" (Pretty Boy) каймана атын ыйгарышан
3/5
Торонтодо аты дүйнөгө дүңгүрөп турган мушкерлерге арналып өткөрүлгөн маалымат жыйындан бир көз ирмем
4/5
Конор ачуу тили менен эл оозуна алынып "Notorious" ("терс жагы менен атагы чыккан" деген мааниде) каймана атка ээ болгон
5/5
Кыл чайнашкан беттеште уткан мушкерге тагыла турчу кур

Жетишкендиктери

Флойд 49 жолу профессионалдуу беттеште жеңген. 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси. Бою – 173 сантиметр, салмагы – 66 килограмм.

Конор учурда жеңил салмактагы UFC чемпиону. ММАда 24 беттеш өткөрүп, 21 жолу уткан. Бою – 175 сантиметр, салмагы – 66 килограмм.

Тапкан каражаттары

Волейболист сборной Кыргызстана Онол Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Оңолбек Каныбек уулу 26 жашта. Шыңга бойлуу волейболчу тууралуу 8 факты
"Форбс" журналынын иликтөөсү боюнча, Мейвезер эң көп каражат тапкан спортчулардын сап башында. Бир жылдык кирешеси орточо эсеп менен 80 миллион доллардын тегерегинде.

Ошол эле басылмада Конор 2016-жылы 34 миллион доллар киреше тапканы жазылат. Маалыматка ылайык, мушкер 27 миллион долларды беттештен, калган жети миллионду жарнамадан тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0