Оңолбек Каныбек уулу 26 жашта. Шыңга бойлуу волейболчу тууралуу 8 факты

© Фото / Федерация волейбола КРВолейболист сборной Кыргызстана Онол Каныбек уулу
Волейболист сборной Кыргызстана Онол Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, өлкөдөгү мыкты волейболчулардын бири, спорт чебери Оңолбек Каныбек уулу 26 жашка толду.

Буга байланыштуу журналист Гүлдана Талантбекова спортчу тууралуу 9 факты даярдады.

Бразильский форвард Барселоны Неймар да Силва Сантос - Sputnik Кыргызстан
Динге катуу берилген Неймар. Футболчу тууралуу 10 факты
 Аты жөн жерден коюлган эмес. Каныбек уулу Оңолбек 1991-жылы 17-августта Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Оттук айылында туулган. Советтер союзу жоюлган убакта төрөлгөндүктөн, үйүндөгүлөр заман оңолсун деген тилек менен атын Оңолбек койгон.

 Үй-бүлөсү. Атасы жеке ишкер, апасы эсепчи кызматын аркалап, учурда пенсияда. Жети бир тууган. Үч агасы, эжеси жана эки иниси бар. Үй-бүлөсү спортко жакын. Атасы жаштар курама командасында баскетболчу болгон.

 Колу "Коконго", буту "Букарага" жеткен Оңолбек. Мектепте окуп жүргөндө кичинекей, толук бала болгон. 10-классынан тарта бою өсө баштаган. Учурда бою 1 метр 96 сантиметр, салмагы 96 киллограмм.

 Спортко карай жол. Медициналык академиянын травматология бөлүмүндө окуп жүргөндө айылдаш байкеси "Жаңы Муун" командасына чакырган. Ал жактан машыгып жүрүп бир жылдан кийин эле жыйынтык көрсөтө баштаган. 

© Фото / Федерация волейбола КРӨлкөдөгү мыкты волейболчулардын бири, спорт чебери Оңолбек Каныбек уулу
Волейболист сборной Кыргызстана Онол Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү мыкты волейболчулардын бири, спорт чебери Оңолбек Каныбек уулу

 Медик спортчу. Учурда ал клиникалык ординатурада окуйт. Анын "медицина багытында билим алганым деле жакшы болуптур, анатомиядан түшүнүк мыкты. Спортто балдарга кеңеш берип турам" деп айтканы бар. Келечекте спорттук медицина менен алектенүүнү каалайт.

Мастер спорта международного класса по кикбоксингу Мирбек Суюнбаев - Sputnik Кыргызстан
Убагында дүйнөгө дүң салган Мирбек Сүйүнбаев 42 жашта! Спортчу тууралуу 7 факты
 Жүрөгү бош эмес. Өзүнүн айтымында, сүйлөшкөн кызы бар, бир жылдан соң үйлөнүүнү пландап жатат.

 Тармал чач. Студент кезинде достору корей сериалындагы каармандын атынан "Гу Жун Пе" деп чакырышчу. Өзү "чачымды бир аз өстүрүп койсом эле кайрыла баштайт" деп калат.

 Жетишкендиктери. 2015-жылы КРдин волейбол федерациясынын версиясы боюнча мыкты волейболчу деп табылган. Ошол эле жылы "Sports Awards-2015" сыйлыгынын "Мыкты волейболчу" наамына татыган.

2016-жылы "Жаңы муун" командасынын курамында өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, Ысык-Көл оюндарында жана Республикалык спартакиадада алтын медалды багындырган. 2017-жылы Кыргыз өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0