Казакстандык пранкер Ислам Бадургов лос-анджелистиктердин алдына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун образында чыгып, тамашага салгандыгын Tengrinews.kz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Пранкер белгилүү мушкерге окшошуу үчүн чачын өзгөртүп, денесине татуировканы жармаштырып алган. Макгрегордун "түгөйү" Лос-Анджелестин көчөлөрүн кабриолет Bentley унаасы менен кыдырган. Маалыматта аны көргөн тургундар сүрөткө түшүп жыргашканы айтылат.
Ирландиялык мушкер көп каттаган Беверли-Хиллздеги Родео-драйв көчөсүнө барган пранкер айланасына бир топ киши топтой алган. Күйөрмандар "Конор" менен сүрөткө түшкөнүнө ыраазы болуп сүйүнүшкөн.
"Биздин мындай кадамыбыз Лос-Анджелесте, дегеле UFC дүйнөсүндө чоң ызы-чуу жаратты", — деп Ислам Бадругов видеого комментарий жазган.
Ал эми чыныгы Макгрегор 26-августта Лас-Вегаста Флойд Мейвезердин кичүүсү менен беттешке даярдык көрүп жаткан чагы.