Уран Ахметов Юстиция министрлигин аксатып жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов көпчүлүк коалициясында жаңы өкмөттүн курамы каралып жатканда билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 25-августта көпчүлүк коалициясы Сапар Исаковдун өкмөттүк программасын жана өкмөттүн курамын колдоп берди.
"Мен Юстиция министрлигине сунушталып жаткан Уран Ахметов тууралуу айткым келип жатат. Ал киши капа деле болбосо керек. Юстиция министрлиги чындыгында аксап жатат. Көптөгөн жашыруун документтер ошол жерде. ЖКга, Комитетке келгенде кыйналып жатышат. Буга чейин жаштар келди деп колдоп бердим эле. Бирок ушул кадр боюнча карап көрүү керек", — деди Матраимов.
Өз кезегинде Сапар Исаков Уран Ахметовго ишеним артаарын айтып, дагы бир мүмкүнчүлүк берүү керек экенин билдирди.