БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. АКШнын Аскер деңиз күчтөрүнүн "Жон Маккейн" деп аталган ракета алып жүрүүчү кемеси Малакка куймасынын аймагында соода судносу менен кагышкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Ракета алып жүргөн "Жон Маккейн" Сингапурдун чыгыш жээгиндеги Малакка куймасынын аймагында Alnic MC соода судносу менен кагышкан", — деп айтылган флоттун сайтында.
Кырсык 21-августта эртең менен болуп, анын кесепетинин он моряк белгисиз болуп, бешөө жаракат алган.
Маалыматта "алгачкы билдирүүлөрдө эсминецтин куйругу жабыркагандагы айтылганы" жазылат.
#USSJohnSMcCain involved in collision with a merchant vessel while east of the Strait of Malacca. Updates to follow. https://t.co/6bHUovT8eI pic.twitter.com/EVcYjHwXah
— 7th Fleet (@US7thFleet) 20 августа 2017 г.
"Издөө жана куткаруу иштери жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлүп жатат", — деп кабарланган.
"Жон Маккейн" 1992-жылдан тарта сууда жүрө баштаган "Арли Берк" классындагы эсминец.
Кеменин салмагы 6630 тонна болуп, экипажды кошкондо 337 адам сыят.
Аны куралдандырууга боюнча аракетке келтирүүчү артиллериялык, кемеге каршы туруучу эки Aegis системасы орнотулган.