БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Хиросимадагы атам бомбасынын бөлүкчөлөрүн алып бараткан америкалык "Индианаполис" кемесинин калдыктары Тынч океандын түбүнөн 5,4 миң метр тереңдиктен табылганын CNN телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кеме 1945-жылы 30-июлда Япония кемесинин аткылоосуна кабылып, чөгүп кеткен. Бул окуя АКШнын аскер-деңиз күчтөрүндөгү эң көп адам өмүрүн алган окуя катары тарыхта калган. Кеменин калдыктары жума күнү Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Пол Аллендин жетекчилиги алдындагы жарандык изилдөөчүлөр тарабынан табылган.
Телеканалдын маалымдашынча, дал ошол күнү кеме атом бомбасынын акыркы бөлүктөрүн жеткирүү боюнча жашыруун миссияны аткарып, кайтып келе жаткан. Кеме 12 мүнөттүн ичинде чөгүп кеткендиктен, жардам сурап кайрылууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Андагы 1196 деңиз аскеринин 316сы гана тирүү калган. Кемени издөө иштери 72 жылга созулду.