БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Тамчы айылындагы көлдүн жээгинде швейцариялык жаран көз жумду. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын маалыматына караганда, чет элдик жаран жума күнү саат 9.00дөр чамасында көз жумган. Окуя тууралуу маалымат Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургундар тарабынан келип түшкөн. Алар чет элдик жарандын сөөгү көл жээгинде жатканын маалымдаган.
Каза тапкан киши 74 жаштагы Мюнхен Карл Юсеф экени аныкталды. Ал жубайы менен Ысык-Көлгө эс алганы келген.
Маалыматтарга караганда, маркумдун кан басымы жогору болгондуктан дары-дармексиз жүрчү эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.