Сулуу сууга чөккөн кишинин ролунда. Кантип сактап калса болот?

Жазылуу
Жайдын келиши менен сууга чөгүп каза тапкандар тууралуу байма-бай угуп калабыз. Айрымдар агын сууга агып кетсе, башкалары көлгө, бассейнге чөккөндөр.

Окурмандарга жардам иретинде Sputnik Кыргызстан агенттиги сууга тумчуккан адамга кантип биринчи жардам көрсөтүлүшү керектигин билип көрдү.

Жабырлануучуга жардам көрсөтүү боюнча кеңештерди даярдоого Кызыл Ай жана Кызыл чырым коомунун адистери жардам берди.

Сунуштар

  • Тумчуккан адамды суунун ичинде жандандырууга (дем алуу жолдорун тазалоо жана өпкөнү желдетүү) туура келсе, аны тайыз сууда же сууда чөктүрбөй кармап туруучу атайын шаймандары бар кесипкөй куткаруучулар аткарышы керек.
  • Эгер жабырлануучу терең жерде болуп жана анын жанындагы куткаруучунун сууда коопсуз кармалып турчу атайын шаймандары болбосо, суу ичинен жандандыруу иштерин жасоого болбойт. Жабырлануучуну тез арада кургакка алып чыгуу зарыл.
Детская обувь в воде - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери 57 киши сууга чөгүп кетсе, анын 16сы балдар
Алгач адамдын дем алуусу бар-жогун 10 секунддай тыңшайбыз. Жок болсо, беш ирет жасалма жол менен дем алдырууга аракет кылабыз. Ал дагы жардам бербесе 30/2 ыкмасына өтөбүз. Анда жүрөк тушту 30 жолу басып, эки жолу жасалма дем алдыруу кылабыз. Бул ыкма адам эсине келгиче жасалышы кажет.
  • Адамдын оозунда дем алууга тоскоол болуп жаткан кусундунун калдыгы же дагы башка нерселер болсо, тазалап салышыбыз керек.
  • Эгер дем алуу жолдорун тазалоо жана өпкөнү желдетүү иштери суу ичинде ийгиликтүү жасалбаарына көзүңүз жетсе, анын денесинде жараты болсо дагы тез арада суудан алып чыгуу зарыл.
  • Жабырлануучунун жүрөгү токтоп калган учурда жүрөккө массаж жасаганга чейин эле өпкөнү жасалма жол менен желдетип турушуңуз керек.
  • Эгер жабырлануучу акыл-эсинде болбосо, аны транспортко салууда же жардам көрсөтүү маалында капталынан жатканы жакшы. Жанындагы адам өпкөдөн суунун чыгып кетишине жардам кылып башын жөлөп турушу керек. Ошондой эле көкүрөк, жүрөк тушун бир нерсе басып турбашы керек.
  • Суунун ичинде жүрөккө массаж жасоого болбогону менен адамды катуу тактага жаткырып, жээкке алып бараткан учурда укалап турса болот.
  • Эскертүү: Жогорудагы кеңештердин кайсы бири туура эмес аткарылып, жардамы тийбей калган учурга Кызыл Ай жана Кызыл чырым коомунун адистери жана Sputnik Кыргызстан агенттиги жоопкер эмес.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0