Каргашалуу окуя 5-августта болгонун Ош ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, милицияга саат 18.30дар чамасында Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганы боюнча маалымат келип түшкөн. Анын денесинде жарааттары бар экени аныкталган.
"Кылмышка шектүү катары күйөөсү кармалды. Ал экөө спирт ичимдигин ичип алып, үйүнө жакын жердеги бассейнге барышкан. Ал жактан ортодо чыр чыгып күйөөсү аялын уруп-тээп жиберген. Оор жаракат алган аял эптеп үйүнө жетип келген. Алдын ала маалымат боюнча маркум алган жараатынан улам көз жумган. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат", — деди Сыдыков.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (Адам өлүмүнө алып келген денеге залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.