Гепатит деген кандай оору? Билинбей жеген дарттын себептери жана дабасы

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыкана. Архив
Дарыкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да СПИД, кургак учук сыяктуу эле гепатит илдети да коркунучтуу деп саналат. Бул дарт көпчүлүк учурда билинбей өрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына алып келет.

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк гепатит оорусуна каршы күрөшүү күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороевден оорунун келип чыгуу себептери, өлкөдөгү абал жана сактануу жолдору тууралуу билип көрдү.

Гепатит деген эмне?

Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Абдулат Кадыров: кургак учук менен оорубайм деп эч ким өзүнө кепилдик бере албайт
Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт.

Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда "боткин" деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Оору кандай жол менен жугат?

Гепатит илдети жугуу жолу боюнча эки чоң түргө бөлүнөт.

  1. Гепатиттин А жана Е түрү турмуштук шартта эле жугат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Алардын көбү жаш балдар болот.
  2. Ал эми В, С, D түрлөрү болсо оорулуу адамдан соо адамга кан аркылуу жугат.

Мисалы, баңги ийнелер, сакал алган устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр, пирсинг, татуировка жасоочу жана тиш жулуучу каражаттардан жугат. Ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу да илдеттин бул түрүнө кабылып калуу мүмкүн.

Ооруну айыктырууга болобу?

Республиканский центр крови в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир 14 саатта бир киши ВИЧ дартына чалдыгат
Гепатиттин А түрү башка оорулардан айырмаланып өнөкөт түрүнө айланып кетпейт. Киши бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса, анда ал өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Былтыркы жылы 14 жашка чейин үч бала дал ушул гепатиттин А түрү менен ооруп, диета кармабай көз жумган.

Ал эми гепатиттин С түрүнө кабылган адамдын оорусу көпчүлүк учурда билинбей жүрө берип ал цирроз, рак илдетине айланып кетет. Башкача айтканда, С түрүндөгү гепатитти аныктоо бир аз кыйын, кийинчерээк аны айыктыруу татаал болуп калат. В, С, D түрүндөгү гепатиттерди айыктыруу андан да оор.

Оорунун белгилери

Гепатит оорусуна кабылган адамдын

  • алы кетет;
  • анализдери нормадан бузулат;
  • заара, көздүн кареги да саргара баштайт.

Сарык оорусу менен Кыргызстанда катталгандардын саны

Трудности женщины воспитывающая троих близняшек одна в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Үч эмдин тагдыры. Бүдөмүк көргөн Асан, алимент төлөбөгөн ата
2017-жылы 6 айдын ичинде (январь-июнь) республика боюнча сарык оорусу менен ооруган 3032 адам катталган.

Анын ичинде гепатиттин А түрү менен 2759 адам, Е түрү менен 1 адам, В түрү менен 169, С түрү менен 43 жана D түрү менен бир адам бар. Ал эми 59 оорулуу гепатиттин кайсы түрүнө кабылганы аныктала элек. Гепатиттин А түрүнө кабылган 2759 адамдын 90 пайызы жаш балдар. Алардын үчөө убагында туура диета кармабай, өмүрү менен кош айтышкан.

Оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек?

Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн:

  • жашылча-жемишти сөзсүз жууп жеш керек;
  • арыктан аккан таза эмес сууну ичпеш керек;
  • үйдү, окуган, иштеген жерди таза кармоо керек;
  • ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щетка, сүлгү, жаш балдардын идиш-аягы);
  • ошондой эле убагында эмдөөдөн өтүү керек.

Ал эми оорунун В,С түрлөрүнөн оолак болуу үчүн:

  • кокустук жыныстык катнаштан качуу;
  • татуаж, маникюр, педикюр жасаган жабдыктар таза болушу керек;
  • бирөөнүн тиш щеткасын, тарагын, устарасын колдонуудан баш тартуу;

Ар бир адам жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп турушу зарыл. Мындай жол менен алар ар түрдүү оорунун алдын алат!

Жаңылыктар түрмөгү
0