Үч эмдин тагдыры. Бүдөмүк көргөн Асан, алимент төлөбөгөн ата

© Фото / Зульфия ТургуноваТрудности женщины воспитывающая троих близняшек одна в Кара-Суу
Трудности женщины воспитывающая троих близняшек одна в Кара-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда энеси балдардын таенеси Анипа Саипованын пенсиясы жана жөлөк пул менен өлбөстүн күнүн кечирип келерин айтты

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Алыскы Оштун Кара-Суу районунда 38 жаштагы оорулуу жалгыз бой эне Кызжибек Марипова үч эм балдарын, анын ичинен көзү бүдөмүк көргөн уулун кантип багуунун айласын миң толгонуп издеп, жашоо кечирүүдө.

© Фото / Зульфия ТургуноваМындан алты жыл мурда Асан, Үсөн жана Фатима аттуу үч эм жарыкка келген
Мындан алты жыл мурда Асан, Үсөн жана Фатима аттуу үч эм жарыкка келген - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мындан алты жыл мурда Асан, Үсөн жана Фатима аттуу үч эм жарыкка келген
© Фото / Зульфия ТургуноваАлыскы Оштун Кара-Суу районунда 38 жаштагы оорулуу жалгыз бой эне Кызжибек Марипова үч эм балдарын, анын ичинен көзү бүдөмүк көргөн уулун кантип багуунун айласын миң толгонуп издеп, жашоо кечирүүдө.
Алыскы Оштун Кара-Суу районунда 38 жаштагы оорулуу жалгыз бой эне Кызжибек Марипова үч эм балдарын, анын ичинен көзү бүдөмүк көргөн уулун кантип багуунун айласын миң толгонуп издеп, жашоо кечирүүдө. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алыскы Оштун Кара-Суу районунда 38 жаштагы оорулуу жалгыз бой эне Кызжибек Марипова үч эм балдарын, анын ичинен көзү бүдөмүк көргөн уулун кантип багуунун айласын миң толгонуп издеп, жашоо кечирүүдө.
© Фото / Зульфия ТургуноваБалдар төрөлбөй жатып, ата-эне эки айрылыш жолго түшүптүр.
Балдар төрөлбөй жатып, ата-эне эки айрылыш жолго түшүптүр. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Балдар төрөлбөй жатып, ата-эне эки айрылыш жолго түшүптүр.
1/3
Мындан алты жыл мурда Асан, Үсөн жана Фатима аттуу үч эм жарыкка келген
2/3
Алыскы Оштун Кара-Суу районунда 38 жаштагы оорулуу жалгыз бой эне Кызжибек Марипова үч эм балдарын, анын ичинен көзү бүдөмүк көргөн уулун кантип багуунун айласын миң толгонуп издеп, жашоо кечирүүдө.
3/3
Балдар төрөлбөй жатып, ата-эне эки айрылыш жолго түшүптүр.

Мындан алты жыл мурда Асан, Үсөн жана Фатима аттуу үч эм жарыкка келген. Балдар төрөлбөй жатып, ата-эне эки айрылыш жолго түшүптүр.

Алгач Фатима, андан соң эки эркек бала сарык илдетине чалдыккан. Учурда энесинин көңүлүн тындырбай турган Асандын оорусу экен.

"Асандын оң көзүнүн көрүүсү – 9, ал эми сол көзү андан да начар болгондуктан, дарыгерлер "катаракта" деген диагноз коюшту. Багы жокко дагы жок болуп эки уулум июнь айында сарык менен ооруп калышты. Ага да, өзүмө да дары-дармекке каражатым жок ", — деди Марипова.

Учурда ага балдардын таенеси Анипа Саипованын пенсиясы менен чектелгенине эки ай болгон жөлөк пул менен өлбөстүн күнүн кечирип келерин айтты.

"Балдарымды караган адам жок болгондуктан иштей албай жатам. Мындан он жыл мурда гепатит В илдетине чалдыккам. Жакында ага кант диабети кошулду. Буга чейин Кара-Суу шаарында батирден батирге көчүп-конуп жашоого туура келди. Ага такыр чамам келбей калганда бир тууган агамдын үйүндө баш калкалап жатам. Агам үй-бүлөсү менен Россиядан келсе, анда кайра батирге чыгууга туура келет", — деди күрсүнө.

Жизнь и быт семьи Калыковых в селе Колдук - Sputnik Кыргызстан
Азаптуу карыя: акыркы демиме чейин майып балдарымды таштабайм
Эненин айтымында, Асанга жакынкы күндөрү маанилүү операция жасалганы турат.

Марипова Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Ош облусундагы балдар ооруканасынын жетекчилигине алты жашар Асандын көзүнө акысыз операция жасоону тапшырганын айтты.

Ал эми балдардын атасынан жардам албагындыгын айткан Марипова ал жагдайды "жолдошу менен кезегинде расмий түрдө никеге турбай, күбөлүк албай калгандыгы" менен байланыштырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0