БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо жаан жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөнүндө 31…36 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 33…38 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 28…33 градус ысык болот.
Бишкек менен Ошто күн ачык болуп, абанын температурасы 37 градуска дейре ысыйт.