БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкекте жол чийинден өтүп бара жаткан кызды унаа коюп кеткенин социалдык тармактын колдонуучусу Эргали Аманбаев билдирди.
Анын айтымында, окуя Токомбаев көчөсүндө 12-кичи райондун жанында болгон.
"Токомбаев көчөсү менен 12-кичи райондун ортосундагы жол чийинден кызды унаа сүзүп кетип ал каза болду. Жол кырсыгынын келип чыгышына айдоочу калк жашаган аймакта катуу ылдамдыкта келе жатканы себеп болду. Буга чара көрүүнү суранам", — деп жазган колдонуучу.
Бишкек ШИИБ жол кырсыгы болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
"Окуя болжол менен 21.30да катталган. Кыз 30 жаштын тегерегинде экен. Айдоочу из жашырган эмес, ал кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.