БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Аргентина чемпионатынын башкы калысы футболчунун өмүрүн сактап калганын Ole агенттиги жазып чыкты.
Исаис Олариаге оюн учурунда каршылашы менен сүзүшүп кеткен. Натыйжада эс-учун жоготуп, калтырап-титиреп жатып калган. Арбитр Яэль Фалькон спортчуга жардам көрсөтө алган.
Анын айтымында, футболчу тилин чайнап салбашы үчүн биринчи жардам көрсөткөн. Андан кийин Олариагени ооруканага алып кетишкен. Медиктердин айтымында, Фалькон спортчуга убагында жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калган.