БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. АКШнын Миннесота штатынын 19 жаштагы тургуну Монализа Перес YouTube порталына видео тартуу маалында капысынан өзүнүн 22 жаштагы жигити Педро Руизди атып алды. Бул тууралуу ВВС жазды.
Роликти тартуу үчүн эки камера коюлган бөлмөдө экөөнөн тышкары алардын үч жашар баласы жана 30га жакын кошуналары чогулган.
Перестин огу китепти тешип өтүп, Руиздин көкүрөгүнө тийген. 911 кызматы дароо чакырылганы менен жарадар адамды сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Перес полицияга билдиргенине караганда, бул идея Руизге тиешелүү болчу.
"Ал бул трюкту аткаралы деп мени көп убакыт бою көндүрдү. Өзү мурда ушундай кылганын айтып, атургай ок теше албай калган китепти дагы көрсөткөн", — деп айтты жигитин өлтүрүп алган кыз.
Маалыматка караганда, түгөйлөр ушул жылдын март айынада YouTube порталында өздөрүнүн каналын ачып, анда эрте ата-эне болгон жаштардын турмушун көрсөтүшчү.
Монализе Перес азыр жети айлык боюнда бар экенине карабай, 10 жылга эркинен ажырап, 20 миң доллар айып төлөшү мүмкүн.
Анын соту 5-июлда болору күтүлүүдө.