Ананьеводогу жарылуунун кесепетин изилдей турган комиссия ишин бүгүн баштады

© Фото / пресс-служба МЧС КРАнаньево айылындагы газ баллон жарылган кырсыктын кесепети
Ананьево айылындагы газ баллон жарылган кырсыктын кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш адамдан турган комиссия 20-июнда түзүлүп кырсык болгон жерде иштеп жатат.

БИШКЕК, 21-июн.— Sputnik. Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы газ баллон жарылган кырсыктын кесепетин комиссия изилдей баштады. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Маалыматта 20-июнда беш адамдан турган комиссия учурда кырсык болгон жерде ишин баштады.

Ведомствонун Өнөр жай коопсуздугу жана тоо кенин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Максат Абдылдаев айтымында, комиссия 15 күн аралыгында кырсыктын чоо-жайын иликтейт.

"Инспекциянын директорунун буйругу менен 20-июнда комиссия түзүлгөн. Учурда алар кырсык болгон жерде иштей башташты. Алар өрттүн келип чыгуу себептерин мыйзам боюнча 15 күндө аныкташат. Анткени ал топ соттук-медициналык экспертиза өңдүү бир катар текшерүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл", — деди Абдылдаев.

Комиссиянын курамына мамлекеттик инспекциядан үч кызматкер, кесиптик кошуундар бирлигинен бир, зыян чеккен тараптан бир өкүл кирди.

Күйүп калгандар ар жерде жатыптыр... Ананьеводогу жарылуунун чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Күйүп калгандар ар жерде жатыптыр... Ананьеводогу жарылуунун чоо-жайы
Буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү ведомстволорго кырсыкты тыкыр иликтөө тапшырмасын берген.

Эске сала кетсек, 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылынын Совет көчөсүндө май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган. Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болгон

Ал эми райондук ооруканадан кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөрдүн ичинен бирөө жалпы палатага которулганын, ал эми абалы оор болуп жаткандар Бишкек шаарындагы Күйүк борборуна алып келиниши мүмкүндүгүн айтышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0