Кызылды тоготпой, унааны учурта айдап... Жол эрежесин одоно бузгандардын видеосу

Жазылуу
Кыргызстандын жолдорундагы жол эрежелери бузулган ар кыл учурларды видеого түшүрүп алган күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу жиберишти.

2-майда Бишкекте 5878 BB номурлуу №4 автобус кош чийинди кесип өтүп, каршы тилкеге чыгып кеткен.

3-июнда Бишкекте B 8393 AV номерин алып жүргөн унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жол чырактын кызыл өңүнөн өтүп кеткен.

Көзүңдү кара! Телефонго тигилген адамдардын жолдон өткөн кербези - Sputnik Кыргызстан
Көзүңдү кара! Телефонго тигилген адамдардын жолдон өткөн "кербези"
9-июнда T 0050 T номериндеги "Жигули" унаасы каршы тилкеге чыгып кеткен. Бирок видеодо көрүнүп тургандай, ал жол кырсыгын алдын алууну көздөгөн.

12-июнь. Бишкек — Балыкчы унаа жолунда Toyota Camry унаасынын айдоочусу атайын сигналды күйгүзүп туруп, кош сызыкты кесип өтүп кеткен. Күбөнүн билдиргенине караганда аны жол жээгинде турган Кайгуул милициясы токтоткон эмес.

13-июнь. Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанындагы тротуарга B 2122 AK номурлуу Lexus унаасы токтотулган тейде турган.

16-июнда Lexus унаасынын айдоочусу каршы тилкеге эки ирет чыккан. Күбөнүн билдиргенине караганда, ал мындай кыймыл-аракети менен башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан.

20-июнда Батыш автобекетинен жанынан айдоочу коляска сүйрөгөн аялды кагып кете жаздаган. BMW үлгүсүндөгү S 1120 AZ номурлуу унаа токтобой өтүп кеткен.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номерине билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0