Учурда Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү 50 жогорку окуу жайдын бирине тапшырып, бекер же келишимдик негизде билим алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Совет доорунда билим алуу бекер болгону менен окууга да мүмкүнчүлүктөр чектелүү эле.
Sputnik Кыргызстан жогорку окуу жайлардын архивдик сүрөттөрүн чогултуп, тарыхынан да анча-мынча билип көрдү. Окуу жайларды бир нерсе байланыштырып турат экен — баарынын дээрлик аталышы өзгөргөн.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРКыргызстанда биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университети пайда болгон. Ачылышынын расмий датасы 1951-жыл делгени менен окуу жай 26 жыл мурун Кара-кыргыз агартуу институту негизделгенден тарта эле иштей баштаган. Университеттин аталышы 7 ирет өзгөрүп, соңку ирет 2002-жылы "улуттук" статусу ыйгарылган.
1/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Кыргызстанда биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университети пайда болгон. Ачылышынын расмий датасы 1951-жыл делгени менен окуу жай 26 жыл мурун Кара-кыргыз агартуу институту негизделгенден тарта эле иштей баштаган. Университеттин аталышы 7 ирет өзгөрүп, соңку ирет 2002-жылы "улуттук" статусу ыйгарылган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРСүрөттө И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети. Алгачкы студенттерин 1933-жылы кабыл алган. Анда билим алам дегендердин саны болгону 53 киши болуп, университет ал убакта Кыргыз зооветеринардык институту деп аталчу. Ошондон бери окуу жайдын аталышы үч жолу өзгөрүп, азыркысы 2009-жылы берилген.
2/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Сүрөттө И.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети. Алгачкы студенттерин 1933-жылы кабыл алган. Анда билим алам дегендердин саны болгону 53 киши болуп, университет ал убакта Кыргыз зооветеринардык институту деп аталчу. Ошондон бери окуу жайдын аталышы үч жолу өзгөрүп, азыркысы 2009-жылы берилген.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институту ачылып, жападан жалгыз "дарылоо" адистигине 200 адам тапшырган. Азыркы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы деген аталышты окуу жай 2008-жылы алган.
3/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
1939-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институту ачылып, жападан жалгыз "дарылоо" адистигине 200 адам тапшырган. Азыркы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы деген аталышты окуу жай 2008-жылы алган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРУлуу Ата Мекендик согуштун аяктаар алдында, 1945-жылы, өлкөдө Кыз-келиндердин педагогикалык училищеси ачылган. И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университет болгучакты алты жолу атылышы өзгөргөн. 1952-1992-жылдар аралыгында окуу жай Владимир Маяковскийдин атында болчу.
4/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаар алдында, 1945-жылы, өлкөдө Кыз-келиндердин педагогикалык училищеси ачылган. И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университет болгучакты алты жолу атылышы өзгөргөн. 1952-1992-жылдар аралыгында окуу жай Владимир Маяковскийдин атында болчу.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРИ.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тарыхы 1953-жылы КМУ алдындагы техникалык факультеттин ачылышы менен негизделген. Өз имаратына окуу жай бир нече жылдан кийин ээ болуп, азыркы аталышын 1993-жылы алган.
5/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тарыхы 1953-жылы КМУ алдындагы техникалык факультеттин ачылышы менен негизделген. Өз имаратына окуу жай бир нече жылдан кийин ээ болуп, азыркы аталышын 1993-жылы алган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институт ачылып, 2005-жылы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына өзгөргөн. Окуу жай бул убакыт ичинде 20 миңден ашуун спортчуну даярдап чыгарган.
6/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институт ачылып, 2005-жылы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына өзгөргөн. Окуу жай бул убакыт ичинде 20 миңден ашуун спортчуну даярдап чыгарган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР1967-жылы Кыргызстанда алгачкы ирет көркөм окуу жайы ачылып, учурда бул мекеме Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамелкеттик маданият жана искусство университети деп аталат. Окуу жайдын аталышы үч ирет өзгөрүп, 1993-жылы ич ара бөлүнүп, натыйжада Кыргыз улуттук консерваториясы жаралган.
7/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
1967-жылы Кыргызстанда алгачкы ирет көркөм окуу жайы ачылып, учурда бул мекеме Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамелкеттик маданият жана искусство университети деп аталат. Окуу жайдын аталышы үч ирет өзгөрүп, 1993-жылы ич ара бөлүнүп, натыйжада Кыргыз улуттук консерваториясы жаралган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР1925-жылы Ошто педагогикалык профилдеги билим берүүчү мекеме пайда болгон. Аны менен А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институттун тарыхы башталган.
8/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
1925-жылы Ошто педагогикалык профилдеги билим берүүчү мекеме пайда болгон. Аны менен А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институттун тарыхы башталган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР1939-жылы түштүк калаада Ош мугалимдер институту ачылып, 10 жылдан кийин анын базасында Ош педагогикалык институту негизделген. 1992-жылы Ош мамлекеттик институту болуп өзгөрүп, кийинчерээк университет статусу ыйгарылган.
9/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
1939-жылы түштүк калаада Ош мугалимдер институту ачылып, 10 жылдан кийин анын базасында Ош педагогикалык институту негизделген. 1992-жылы Ош мамлекеттик институту болуп өзгөрүп, кийинчерээк университет статусу ыйгарылган.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРОшто мындан тышкары орто жана атайылаштырылган окуу жайлар да ачылган. 1932-жылы айыл чарьба кызматкерлерин даярдаган Айыл чарба техникуму иштей баштаган. Ошол мезгилден бери окуу жайдын аталышы эч өзгөргөн эмес.
10/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Ошто мындан тышкары орто жана атайылаштырылган окуу жайлар да ачылган. 1932-жылы айыл чарьба кызматкерлерин даярдаган Айыл чарба техникуму иштей баштаган. Ошол мезгилден бери окуу жайдын аталышы эч өзгөргөн эмес.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРСүрөттө 1926-жылы негизделген Жалал-Абад педагогикалык техникуму чагылдырылган. Ал убакта ири окуу жайлардын бири болуп саналып, 1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бир бөлүгү катары өз алдынчалуу ишмердигин токтоткон.
11/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Сүрөттө 1926-жылы негизделген Жалал-Абад педагогикалык техникуму чагылдырылган. Ал убакта ири окуу жайлардын бири болуп саналып, 1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бир бөлүгү катары өз алдынчалуу ишмердигин токтоткон.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРЖалал-Абад медициналык училищеси учурда колледж катары таанымал. Мындан тышкары, облуста Экономика жана ишкерлик университети, Укук жана бизнес академиясы бар.
12/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Жалал-Абад медициналык училищеси учурда колледж катары таанымал. Мындан тышкары, облуста Экономика жана ишкерлик университети, Укук жана бизнес академиясы бар.
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРСүрөттө Каракол шаардык профессионалдык-техникалык училищеси. Бүгүнкү күндө бул окуу жай иштебейт, бирок шаарда СССРдин убагынан бери сакталып калган бир нече окуу жай бар. Аларга Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Алышпаев атындагы Кооперация институту, Кооперативдик техникум, ошондой эле медициналык, педагогикалык жана музыкалык училищелер иштейт.
13/13
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Сүрөттө Каракол шаардык профессионалдык-техникалык училищеси. Бүгүнкү күндө бул окуу жай иштебейт, бирок шаарда СССРдин убагынан бери сакталып калган бир нече окуу жай бар. Аларга Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Алышпаев атындагы Кооперация институту, Кооперативдик техникум, ошондой эле медициналык, педагогикалык жана музыкалык училищелер иштейт.