Чуңкурчакта кыргыз көчү көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКонноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате
Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалда көчтүн жүрүшү, ат оюндары сыяктуу салттык оюндар тартууланат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. "Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын тургундары биринчи жолу "Чуңкурчак көчү-2017" фестивалын өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Фестиваль "Кылым карыткан кыргыз көчү" урааны алдында уюштурулуп, 17-июнь күнү Чуңкурчак капчыгайында тартууланмакчы.

"Иш-чарада көчтүн жүрүшү, ат оюндары, ар түрдүү сынак, көргөзмөлөр, сармерден айтышы жана башка салттык оюндар тартууланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Фестиваль "Супара" этно-комплекси жана "Кийиз дүйнө" коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0