00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Гутерриш: кыргыз өкмөтү менен БУУнун тыгыз кызматташуусуна көмөктөшөм

Жазылуу
БУУнун баш катчысы катуу таасир калтырган окуя – Оштогу кризис болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 11-июн.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргыз өкмөтү менен БУУнун ортосунда активдүү кызматташууга көмөктөшөөрүн айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Андан сырткары Кыргызстанда аны таңгалдырып жана баа берген учурларга токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев БУУнун Баш катчысы Гутерришти жылуу тосуп алды.

"Сизди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Биз Астанада да жакшы баарлаштык. Биз үчүн сиздин Кыргызстанга келишиңиз абдан маанилүү", — деди мамлекет башчы.

БУУнун Баш катчысы Атамбаевге жылуу тосуп алганы жана жолугушканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанга ашык болгон Гутерриш. БУУ башчысы Атамбаев менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга ашык болгон Гутерриш. БУУ башчысы Атамбаев менен жолукту
"Мен Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди сактоого умтулам, бирок Кыргызстанга карата өзгөчө мамилем качкындар иштери боюнча Комиссар катары ишмердигимди баштагандан бери калыптанып, ошол "сүйүүм" уланып келет. Мен алгачкы туш келген кризис – Анжияндагы качкындар менен болгон, ошондо Кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташуу, тыгыз координациялоо аркылуу качкындар маселесин чечкенбиз", — деди Гутерриш, бул сыяктуу кризистердин татаалдыгын баса белгилеп.

Кыргызстандагы иш сапардын алкагында БУУнун баш катчысынын Ош шаарына баруусу каралган.

Гутерриш катуу таасир калтырган экинчи окуя – Оштогу кризис болгонун белгилеген.

"Ошондо мени чындап таң калтырган нерсе – өлкө кризисти демократиялык баалуулуктарга шек келтирбей, коомдун дестабилдешин кайраттуу тосуп алганы. Башка өлкөлөрдө мындай кырдаал демократияны талкалап, көп кырсык алып келиши ыктымал эле. Бирок Кыргызстан көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, демократиялык системаны сактап калды. Менимче бул башка өлкөлөр үчүн чоң сабак боло алат. Бул жагынан алганда мен үчүн бул жерде болуш чоң сыймык, мен мындан ары дагы сиздерге болгон "сүйүүмдү" улантып, Кыргыз өкмөтү менен БУУнун ортосунда активдүү кызматташууга көмөктөшөм", — деди ал.

Деңиз жээгиндеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ: жыл башынан бери Жер ортолук деңизинде 1700дөн ашык качкын каза болгон
Гутерриш аталган уюмдун Кыргызстандагы командасы жана бардык агенттиктер жалпы Кыргызстан элинин гүлдөп өнүгүшү үчүн кыргыз өкмөтүнө жардамын улантаарын кошумчалады.

Ал эми Атамбаев анын Ош шаарына жасай турган сапары туурасында пикирин билдирип, аймакта жакшы жакка өзгөрүү көп болгонун айтты.

"Ош шаарына сапарыңыз дагы ийгиликтүү болот. Жети жыл ичинде кандай өзгөрүүлөр болгонун өз көзүңүз менен көрөсүз", — деди президент.

Маалымат кызматы жолугушуу жылуу маанайда өткөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0