БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. "Ыйман" фонду атайын долбоорунун алкагында "Чыгыштын чырактары" жана "Ислам агымдары тарыхы" аттуу китептерди бастырып, окурмандарга тартуулады.
Аталган фондудан китептер "Ыйман, адеп жана маданият" жылына карата чыккандыгын, негизги максат — адамдарды руханий жактан байытуу, окурмандардын ыймандуулугун көтөрүүгө өбөлгө түзүү экендигин айтышты.
"Чыгыштын чырактарын" кыргыз тилинде белгилүү котормочу Кубанычбек Басылбеков сүйлөткөн. Китеп жыйнагына индиялык классик акын Валлюранын "Тирикурал" (VI-VII — к), орто кылымдагы перс тилинде жазылган белгисиз акындардын чыгармалары киргизилген. Андан сырткары, өзбектердин, түркмөндөрдүн, дагестандын, кабардин-балкандардын акылман ойлору ырларда чагылдырылган.
"Элге адеп-ахлак, руханий байлыктар камтылган чыгармаларга бай китептерди тартууладык. Бул иш-аракеттер Кыргызстандын жарандары, өзүбүздүн эл үчүн", — айтты аталган фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков.
Ал аталган китептерди чыгаруу "Калем жана ыйман" долбоорунун алкагында жасалгандыгын кошумчалады.