БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жумагүл Эгамбердиева Жергиликтүү башкаруу жана этникалар аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка премьер Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Маалыматка ылайык, Эгамбердиева башка кызматка өтөт.
Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен аталган кызматка Бахтияр Салиев дайындалды.
Эгамбердиева бул кызматта 2016-жылдын сентябрынан тарта иштей баштаган. Ага чейин өкмөттүн Жалал-Абадагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.