00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чек ара кызматкеринин кыжырына тийген 6 учур

Жазылуу
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, өз өмүрүн тобокелге салган чек ара кызматкерлери ыйык милдетин так аткарууга аракет кылышат. Бирок бардык учурда эле алардын мүнөзү, эрки темирдей бекем боло бербесе керек.

Бүгүн өлкөдө чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды майрамы менен куттуктап, аны менен катар чек арачылардын кыжырын келтирген учурларга кызыгып көрдү.

1. Бизден коркпогула! Чек арадан өтүп бара жаткан адамдардын көбү биз аларды жеп алчудай коркушат. Бул учурда өзүбүз да оңтойсуз абалда калабыз. Эмнеге коркосуңар? Эгер документ жайында болсо, арышты кенен таштап, каалаган жагыңарга баргыла.

2. Саламдашкандан тажаган чек арачы. Бир күндө чек арадан 500 адам өтсө, алардын баары сөзсүз саламдашат. Албетте бул көнүп калган адат деңизчи, бирок күндө эле кайталанма сөздү уга берип жооп берүүдөн тажайсың.

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Сөз жетпей калды, ырдап-чордомок болчумун! Тамаданын кыжырына тийген 7 учур
3. Алмаша берген жетекчилер. Биздин министрликте жарым жыл сайын жетекчилер алмаша берет. Эмнеге дебейсизби? Анткени бул тармак майлуу-сүттүү экенин атка минерлер жакшы билет. Мындан улам жетекчиликке өз адамын коюуга ашыккандар көп.

4. Көкөйгө тийген бюрократия. Жөнөкөй бир маселени чечиш үчүн канчалаган каттарды жазып, бир топ убакыт коротобуз. Аны дагы электрондук почта аркылуу жиберип койсок бир жөн го, айрым "атамзамандагылар" катты конвертке салып келүүнү талап кылып күйдүрүшөт.

5. Кызматчы иттер жетишпейт. Негизи ар бир чек арачыга үйрөтүлгөн ит берилиши керек. Бирок бизде иттер жетишсиз. Ал үчүн бюджеттен акча бөлүү керек, бирок ал жакта адаттагыдай эле каражат жок.

6. Биз олигарх эмеспиз! Кээ бирлер чек арачылардын көзүн май басып, акча менен чаң сүртүп калган деп ойлошсо, калгандары параны күрөктөп алат дешет. Эгер чын эле ушундай болсо чек арачы болгусу келгендердин кезеги тыйылбаса керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0