Ак-Талаанын Коңорчок айылына 15 метрлик мамлекеттик туу орнотулду

© Фото / Молдокмат ТаалайбековУстановка 15-метрового флагштока в Ак-Талинском районе
Установка 15-метрового флагштока в Ак-Талинском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мөөнөтү келгенде байракты алмаштырып, жаңысын илүү айылдагы жаштардын кийинки тобуна эстафета катары берилмекчи.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында 1990-жылы туулган демилгелүү жаштар адырга бийиктиги 15 метрге жеткен мамлекеттик байрак орнотту. Бул туурасында айылдын тургуну Молдокмат Таалайбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Фото / Молдокмат ТаалайбековНарын облусунун Ак-Талаа районундагы бийиктиги 15 метрге жеткен мамлекеттик байрак
Установка 15-метрового флагштока в Ак-Талинском районе - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бийиктиги 15 метрге жеткен мамлекеттик байрак

"Айылдын күн чыгыш жагына орнотулган байрактын узундугу 3 метр, тууурасы 1,8 метр. Желекти орнотуу демилгеси айылдагы активдүү жаштарга таандык. Аны карап, эскирип калса алмаштырууну өзүбүз көзөмөлдөп турабыз", — деди Таалайбеков.

Ал мөөнөтү келгенде тууну алмаштырып, жаңысын илүү айылдагы жаштардын кийинки тобуна эстафета катары берилерин кошумчалады.

Таалайбековдун айтымында, Ак-Талаа районунун аймагында тоо үстүнө мындай бийиктиктеги мамлекеттик атрибут алгач ирет орнотулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0